Кирүү

Каналдан суу сарыгышы

Каналдан суу сарыгышы - канал түбүнөн же каптал беттеринен суунун жерге сиңиши. Сугат суунун азайышына, жер астындагы суунун деңгээли жогорулап, жердин сазга айланышына, топурактын шорлонушуна, анын негизинде сугат жердин азайышына алып келет. Каналдан суунун сарыгышы - сугат системасынын пайдалуу аракет коэффициентин (ПАК) билдирүүчү негизги фактору. Каналдын ПАКин жогорулатуу үчүн анын беттери бетон, асфальт-бетон жана башка менен капталат же ноо, түтүк түрүндө жасалат.

Бул системаларда ПАК 0,8... 0,9 га жетет. Каналдан суунун сарыгышы ошондой эле каналдын өлчөмүнө, топурактын суу сиңирүү өзгөчөлүгүнө, жер астындагы суунун адепки деңгээлине жана каналды көпкө пайдаланууга жана башка жараша болот. Суунун сарыгуу чыгымы (Оф) бир суткада сарыккан суунун көлөмү менен (лг сут) эсептелет.

Ой-пикирлер