Кирүү

Айыл чарба кредити жалпы маалымат

Айыл чарба кредити - колхоз, совхоздорго, чарба аралык ишкана, уюмдарга, ошондой эле айыл чарба мекемелерине учурдагы өндүрүштүк чыгымдардын ордун толтуруу жана капиталдык салым үчүн берилчү кредит; өндүрүштү ар тараптан өнүктүрүү, ургаалдаштыруу чарбанын рентабелдүүлүгүн жогорулатуу, финансы-экономикалык негизин бекемдөө максатын көздөйт.

Кредит белгилүү максат, шарт менен мисалы, мамлекетке кайра кайтаруу убагы, төлөнүүчү проценти жана башка көрсөтүлүп узак, кыска мөөнөткө берилет. Айыл чарба өндүрүшүн ургаалдаштырууга, аны өнөр жайлык негизге өткөрүүгө байланыштуу колхоз, совхоз, агрардык өнөр жай жана чарба аралык ишкана, уюмдар көп каражаттарга муктаж болот.

Ал каражаттарды айыл чарба ишканалары мамлекеттен узак мөөнөткө (20 жыл) кредитке алып, капиталдык салымдарга - мал чарба комплекс жана фермаларын, продукцияны кайрадан иштеп чыгуу ишканаларын, аларды сактоо жайларды куруу, жабдуу, трактор, машина, асыл тукум мал жана башка сатып алуу, турак үй, маданий объектилерин курууга жумшайт. Табигый-климаттык, биологиялык факторлордон улам айыл чарба өндүрүшү жыл мезгилдерине байланыштуу болгондуктан жыл ичинде сатылган айыл чарба продукциясынын көлөмү, сатыктан түшкөн акча суммасы көбөйүп же азайып турат.

Ушундан улам учурдагы өндүрүштүк муктаждыктарга акча каражатын жумшоого айыл чарба ишканасынын финансы жагынан мүмкүнчүлүгү болбой калат. Чарба ичиндеги жетишпеген акча каражаттарынын ордун толтуруп, өндүрүш процессин нормалдуу жүргүзүү үчүн мамлекеттен процент төлөп, кыска мөөнөткө (адатта бир жылга) өндүрүшкө жумшалган чыгымдардын ордун толтурууга, материал сатып алууга, салык төлөөгө жана башка жумшалат, мөөнөтүнөн кечиктирилсе проценти көбөйөт.

Ой-пикирлер