Кирүү

Инвентаризация

Инвентаризация айыл чарбасында - мүлктөрдүн (негизги жана айланма фондулардын эсебин тактоо), ошондой эле акча каражатынын чыныгы абалын мезгил-мезгили менен текшерүү. Инвентаризация социалдык менчиктин сакталышын, чийки зат, материал- даяр буюмдун сапатын, склад чарбасынын туура жолго коюлушу жана күндөлүк эсеп иштерин текшерүүдөгү бирден-бир ыкма. Инвентаризация толук жана жарым-жартылай болуп бөлүнөт. Толук инвентаризацияда чарбанын каражаты бүт, ал эми жарым-жартылайында каражаттын бир бөлүгү гана текшерилет.

Толугу эреже катары бир жылда бир ирет, жылдык отчёт түзүлөрдүн алдында өткөрүлөт; жарым-жартылайы жыл ичинде, мисалы, кассаны ревизия кылганда, материалдык жооптуу киши алмашканда жүргүзүлөт. Инвентаризация пландуу жана капысынан болуп да ажыратылат. Пландуусу алдын ала белгиленген мөөнөттө, капысынан болгондо чарба жетекчисинин көрсөтмөсү боюнча өткөрүлөт. Колхоздордо жылдык инвентаризация жүргүзүү жөнүндөгү ССРБ борбордук статистика башкармасынын инструкциясында, 1955-жылдын 21-ноябрындагы ССРБ финансы министрлиги бекиткен "Инвентаризация жөнүндөгү негизги жободо" ар кандай объектилерге инвентаризация жүргүзүү мөөнөтү жана тартиби белгиленген.

Ой-пикирлер