Кирүү

Агротокой мелиорациясы

Агротокой мелиорациясы, токой мелиорациясы. Кургакчылык, керимсел уруу, топурак эрозиясына каршы токой өстүрүү иштеринин системасы. Токой тигилген талааларда шамал басаңдап, кар жана суу токтойт, микроклимат өзгөрөт, топурак бузулбай, топурактын нымдуулугу көбөйөт, анын натыйжасында топурактын күрдүүлүгү артып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү көбөйөт.

Токой дарактары суу менен көлмөлөрдү чөгүндү басуудан, темир жол жана автомобиль жолдорун күрткүдөн, малды жайкы аптаптан, кышкы ызгаар сууктан сактайт. СССРдин талаа, токойлуу талаа райондорунда Агротокой мелиорациясынын мааниси зор. Талаа коргоочу токой тилкелери агротокой мелиорациясынын негизин түзөт. Алар өз ара төмөндөгүдөй бөлүнөт:

  • дөңсөө жана жантайма жерлердеги талааларды коргоо токой тилкеси;
  • тик, эңиш жерге, көлмө, суу жээктерине, коктуколоттун кырына тигилүүчү токой тилке;
  • тоо капталына, сыртка, ашууга, жайыттарга тигилүүчү токой тилке;
  • кыштактар менен жолдун бойлоруна тигилүүчү токой тилке;
  • шамал тосуучу токой тилке.

Ал агротехникалык, гидротехникалык жана башка чаралар менен айкалыштырылып колдонулат. Россияда бул иш адеп 18-кылымда башталган, бирок, өрчүгөн эмес. 19-кылымдын аягында Россиянын түштүк-чыгышында шамалдан, кардан калкалоочу токой тилкелерин тигүү иши башталган. В. В. Докучаев уюштурган экспедициянын негизинде 1892-ж. тажрыйба аянттары уюштурулуп, азыркы комплекстүү агротокой мелиорациясынын негизи түзүлгөн.

Совет бийлигинин жылдарында буга өзгөчө көңүл бурулуп, аны мамлекеттик токой чарбасы жана совхоздор жүргүзөт. Союз боюнча токой тилкелердин аянты 1972-ж. 3 млн гадан ашып кеткен. Кыргызстанда мындай токойлор 3 миң гадан ашык. Токой өстүрүүчүлүк жумуштарын жеңилдетүү жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттырууга атайын машиналар, шаймандар колдонулат.

Токой питомниктери менен токой үрөн чарбаларында өндүрүш жумуштарынын көбү механикалаштырылган. СССРде агротокой мелиорация иштеринин илимий маселелерин Украина токой чарба жана агротокой мелиорация илимий изилдөө институту, Орто Азия токой чарба илимий изилдөө институту, Казахстан токой чарба илимий изилдөө институту, Азербайжан токой чарба жана агро-токой мелиорация илимий изилдөө институту иштеп чыгат. Ошондой эле зоналык көптөгөн илимий изилдөө институттары зор салымдарын кошуп жатат. Агротокой мелиорациясы токой мелиорациясынын ыкмаларын уюштуруу, формаларын жана теория негиздерин иштеп чыгуучу илимий тармак. Ал агрономия, ботаника, топурак таануу, геология, метеорология, токой таануу илимдери менен тыгыз байланыштуу.

Ой-пикирлер