Кирүү

Бордо суюктук фунгициди

Бордо суюктугу - өсүмдүктүн мите козу карын, бактерия илдеттерине каршы колдонулуучу фунгицид (Франциядагы Бордо шаарынын атынан). 100 литр бордо суюктугун (1% дуу) даярдоо үчүн 1 килограмм көк таш жана 1,5 килограмм жаңы өчүрүлгөн аки таш (10% дуу) керектелет. Көкташ менен аки таш суусун теңме-тең куюп ар бирин өзүнчө аралаштырат. Алынган көк таш эритмесин аки таш сүтүнө аздан кошуп, күкүрт кычкыл жез кошулмасы (бордо суюктугу) алынат.

Бордо суюктугу алма, алмуруттун таз (парша), жер-жемиш, жүзүмдүн мильд, антракноз, картошканын, томаттын фитофтороз, бадыраңдын бактериоз, күн карама жана данектүү өсүмдуктөрдүн монилиоз илдеттерине, ошондой эле жашылча, цитрус жана башка өсүмдүктөрдүн илдетине (3% дуу) каршы пайдаланылат. Дарылоо мөөнөтү жана өлчөмү илдет козгогучтун биологиялык өзгөчөлүгүнө жараша болот. Бордо суюктугу колдонордо гана жаңы даярдалат.

Ой-пикирлер