Кирүү

Колхоз соодасы

Колхоз соодасы - советтик чекене сооданын бир түрү. Мында азык-түлүктү колхоз, ошондой эле колхозчу жана башка граждандар (өз көмөк чарбасынан алынган ашыкча даяр азыкты) сатат. Сооданын бул түрү калктын азык-түлүккө болгон керектөөлөрүн канааттандырып, ашыкча айыл чарба азыктарын жакшы пайдаланууга шарт түзөт. Колхоз, совхоздор пландагы жашылча, бакча, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн (жүзүм, пияз, сарымсактан башка) 10%ын, ошондой эле пландан ашык продукциясын макулдашылган баа боюнча сатат.

Колхоз базарында сатылган продукт пландын аткарылышына эсептелет. Колхоз, колхозчу жана башка граждандар ашыкча продукциясын керек-жарак кооперациясы аркылуу комиссиялык башталышта да сатат. Мамлекет колхоз советинин көлөмүн пландаштырбайт жана сатылуучу товарга баа белгилебейт. Колхоз базарында продукция сатуу көлөмү жана мөөнөтү колхоздун жана калктын өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша болуп, ал эми баа талап менен сунуштун негизинде коюлат. Мамлекеттик соода, ошондой эле базар баасын пландаштыруу аркылуу мамлекет колхоз советине таасир тийгизет.

Ой-пикирлер