Кирүү

Агрономиялык тейлөө

Агрономиялык тейлөө — дыйканчылыктын маданиятын көтөрүү боюнча агрардык өнөр жай органдары менен адистери жүргүзүүчү иш-чаралардын системасы. СССРде Агрономиялык тейлөө продукция бирдигине аз эмгек жана каражат жумшап, көп түшүм алууда колхоз, совхоз жана башка чарбаларга практикалык жардам берүүгө багытталган.

Агрономиялык тейлөөнү Мамлекеттик агрардык өнөр жай комитеттеринин, мелиорация жана суу чарба министрликтеринин адистери, алардын жергиликтүү органдары ишке ашырат. Агрономиялык тейлөөдө илимий изилдөө мекемелери маанилүү роль ойнойт. Алар тажрыйба ишинен алынган маалыматтардын негизинде которуштуруп эгүү ыкмаларын, алдыңкы технологияны өндүрүшкө киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат; айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун чыгарат; сорт алмаштыруу, сорт жаңыртуу ишин уюштурууда чарбаларга жардам берет.

Сорт сыноо участкалары сорт райондоштуруу боюнча сунуштарды киргизет, мамлекеттик үрөн сыноо комиссиясы үрөндүк материалдардын сапатын көзөмөлдөйт. Өсүмдүк коргоо, агрометеорологиялык тейлөө уюмдары иштейт. Агрохимия кызматы айыл чарба өндүрүшүн топурак картасы, агрохимиялык карта менен камсыз кылат. Агрардык өнөр жай органдарынын долбоорлоо уюмдары уюштуруу-чарбалык планды, чарбада жер жайгаштыруу жана которуштуруп эгүү долбоорун, мелиорация планын түзүүдө чарбаларга жардам берет. Агрономия илимий жетишкендиктерин өндүрүшкө киргизүү, айыл чарба өсүмдүгүн өстүрүүнү толук механикалаштыруу, жергиликтүү жана минералдык жер семирткичтерди туура пайдалануу түшүмдү жыл сайын жогорулатып, сапатын арттырат.

Ой-пикирлер