Кирүү

Гельминт курттары

Гельминттер - киши, жаныбар жана өсүмдүктөрдүн ар кандай орган, ткандарында мителөөчү курттар. Алардан пайда болгон илдет, ылаң жана оорулар гельминтоздор деп аталат. Гельминттердин 17 миңден ашык түрү белгилүү. Түзүлүшү жана башка өзгөчөлүктөрүнө карата гельминттер негизинен 5 топко бөлүнөт:

  1. жалпак курттар (цестоддор же тасма курттар, трематоддор);
  2. жумуру курттар - нематоддор (аскарида жана башкалар );
  3. тикен баш курттар (скребнилер же акантоцефаллдар);
  4. немертиндер;
  5. муунак курттар.

Түрүнө жараша гельминттер бардык органдарда болушу ыктымал (жүрөк, мээ, бөйрөк, көз, кан тамырларда жана башкаларда ), бирок көбү тамак-аш сиңирүүчү органдарда (ичеги-карын, ашказанда) мителейт. Гельминттер организмди зат алмашуу процессинин негизинде бөлүнүп чыккан заттар аркылуу ууландырат жана өзү жашаган органга оозундагы соргуч илмекчелери аркылуу бекип, аны ар кандай сезгенүүгө учуратып, айрым учурда жарага айлантат, кээде ичегиде тыгылып, аны тешип кетет же дем алуу жолдоруна өтүп, жыйылып, малды дем алдырбай өлүмгө учуратат. Мурунку ССРБ нин аймагында гельминттердин ЗООдөн ашык, Кыргызстанда 182 түрү белгилүү. Алардын койдо 85, уйда 38, жылкыда 35, топоздо 18 түрү табылган.

Ой-пикирлер