Кирүү

Көк мээ

Көк мээ - малдын (көбүнчө койдун), кээде кишинин инвазиялуу (цестодоз тобундагы гельминтоз) ылаңы, оорусу. multiceps multiceps тасма куртунун личинкасы пайда кылат. Ылаң Орто Азия, Закавказье республикаларында, Казакстанда, Волга бою, Сибирде кездешет. Көбүнчө 2 жашка чейинки жаш мал ылаңдайт. Гельминт ит, карышкыр, чөө кээде түлкүнүн ичегисинде мителейт.

Булар бөлүп чыгарган мультицепс жумурткасын кой, эчки жана башка мал жеп, алар малдын ичегисинде личинкага айланып, канга түшөт, кан аркылуу мээге жетип, өнүгүп, ыйлаакча пайда кылат. Дарт 4 стадияда өтөт. 1-стадияда (16 күн) ылаңдын белгиси байкалбайт. 2-синде кой чочулап үркүп, булчуңдары тырышып, бир орунда тегерене берет. Айрым козулар өлөт. 3-стадия (2-тымызын мезгил) 2,5-8 ай созулат.

4-стадиясында ылаңдын клиникалык белгилери күчөп, мал арыктап өлөт. 2-3 жума созулат. Дарылоо - операция жолу менен. Алдын алуу жана каршы күрөшүү: өлгөн койдун же союлган дарттуу койдун башын Беккари чуңкуруна көөмп, ылаңдуу малды өз убагында бөлүү, жолбун итти жоготуу, итти жылына 4 жолу дегельминттөө.

Ой-пикирлер