Кирүү

Айыл чарба өндүрүшүн адистештирүү

Айыл чарба өндүрүшүн адистештирүү - коомдук эмгек бөлүнүшүнүн бир түрү жана анын уюштурулушунун өнүгүшү. Техникалык прогресске, коомдук өндүргүч күчтөрүнүн өнүгүшүнө, жердин күрдүүлүгүнө, тармактардын туура шайкеш келишине, айыл чарба продукциясын көбөйтүү жана коомдук эмгектин аз жумшалышына байланыштуу. Адистештирүүнүн негизи - ар бир чарба, район, облустун табигый-экономикалык шарты (эң керектүү, кирешелүү ж.б. тармактар үчүн пайдаланылуучу). Адистештирүү техника прогресстин натыйжасы болуу менен катар - өндүрүш натыйжалуулугунун зарыл шарты. Адистештирүү алынуучу продукция ичинде басымдуу (нег.) продукту, товардык негизги тармак, айдоо аянтынын структурасы жана башка көрсөткүчтөр боюнча аныкталат. Коомдук эмгек бөлүнүшүнүн ар түрдүүлүгү өндүрүштүн бирдей эмес адистештирилишине алып келет; аймактык (респ., экономикалык облусу боюнча), зоналык (зона аралык, зона ичинде), тармактык (тармак аралык, тармак ичинде) жана чарбалык (чарба аралык, чарба ичинде) адистештирүүгө да мүмкүндүк болот.

Аймактык адистештирүү

Аайыл чарбасында эмгектин район (зона) же бир нече райондор боюнча бөлүнүшү. Ар бир район өзүнүн товардык продукциясы (райондун өзүндө жана андан тышкары жерде сатылуучу) бар чарбалык комплекс болуп эсептелет.

Зоналык адистештирүү

Айыл чарбасында эмгектин зона аралык жана зона ичинде бөлүнүшү. Мында аймактык, топурак жана климаттык, экономикалык айырмачылыктын негизинде айыл чарба ишканаларынын негизинен бир тектүү өндүрүштүк тиби (эл чарба керектөөлөрүн эске алуу менен) түзүлөт. Мисалы, Орто Азиядагы союздук республикаларда табигый-экономикалык шартынын өзгөчөлүгү боюнча айырмалануучу адистештирилген ири зоналар (дан-мал чарбалуу): кайрак жер зонасы, пахта, шалы, жашылча, сүт, мөмө жана жүзүм алууга адистештирилген сугат жер зонасы, кой чарбасы өнүккөн чөл-жайыт зонасы пайда болду.

Тармактык адистештирүү

Эмгектин айыл чарба тармактар (кой чарбасы, пахтачылык, багбанчылык жана жүзүмчүлүк, жашылчачылык ж. б.) аралык бөлүнүшү. Ар бир тармак ичинде да дифференцияланат: жашылчачылыкта - ачык жана жабык жер өндүрүшү; уй чарбасында - сүт-эт багытындагы уй; кой чарбасында - уяң жүн, көрпө (каракөл кою) багытындагы кой жана башка.

Чарбалык адистештирүү

Райондо эмгектин чарба аралык жана айыл чарба ишкана ичинде бөлүнүшү. Айыл чарба ишканасында негизги (же башкы) жана кошумча (негизги тармактын өнүгүшүнө көмөк болуучу) тармактар аныкталат. Негизги тармакка жараша ар түрдүү багытта адистештирилген чарбалар (дан чарбасы боюнча, пахтачылык, тамекичилик, жашылча өстүрүүчү, эт-сүт багытындагы мал асыроочу ж. б.) болот. Кыргызстандын көпчүлүк колхоз, совхоздору уян жүндүү кой чарбасын өстүрүүгө адистештирилген.

Ой-пикирлер