Кирүү

Акарапидоз аары кене ылаңы

Акарапидоз, аккароз, кене ылаң - аарынын инвазиялуу ылаңы. Acarapis кенеси пайда кылат. Ылаң аарынын кекиртеги менен канатын жабыркатат. Аарынын кекиртегине ургаачы кене жумуртка таштап, 3-4 күндөн кийин андан личинка, 7-8 күндөн кийин чоң кене пайда болот. Аарынын кекиртеги бүтөлүп, дем алуусу бузулат. Ылаң биринен экинчисине жугат. Акарапидоз көбүнчө жаз, жай айларында пайда болот. Ылаңдуу аарынын канаты жайылып уча албайт. Алар өзүнчө бөлүнүп, карантин коюлат. Фольбек, эфирсульфонат, тедиондун аэрозол түрүндөгү түтүн, ошондой эле тез буулануучу уулуу суюктук (нитро-бензол, метилсалицилат, этилсалицилат) менен дарыланат. Түтүн кекиртекке өтүп, кене өлөт.

Ой-пикирлер