Кирүү

Көрпө

Көрпө - козу териси. Көрпөлүк козу туулгандан кийин көп узабай бир нече күн ичинде союлат. Көрпө жүнүнүн тармалдыгы, жылтырактыгы, өңү (кара, боз, чаар жана башка) боюнча 2 топко бөлүнөт: каракөл көрпөсү (каракөл коюнун көрпөсү) жана каракөл эмес көрпө (башка көрпөлүк козулардан алынган). Кара, көгүш, күрөң каракөл көрпөсү эң баалуу. Мурунку ССРБ нин аймагында каракөл эмес көрпөлөрдүн ичинен абдан жакшылары: сокол, решитил, малич коюнун көрпөлөрү. Чет өлкөлөрдөн Иранда шираз (шираз коюнуку), Намибияда свакара (түштүк африка коюнуку) көрпөлөрү, Афганистанда гилжан коюнун көрпөсү, Сирия менен Турцияда караман көрпөсү (караман коюнуку) даярдалат жана башка.

Көрпө белендөө

Көрпө белендөө - көрпөнү (механика өндүрүшүнө өткөргөнгө чейин) товардык сапатына келтирүү жана сактоо иш-чаралары. Көрпө алуу үчүн көрпө коюнун козусу (негизинен эркек козу) 1-3 күндүгүндө союлат. Соёрдон мурда козу энесине жакшылап эмиздирилет. Мында көрпө жүнү жумшап, жылтырак болуп калат. Көрпө белендөөгө адистештирилген кой өстүрүү чарбаларында көрпө козулары борборлоштурулган атайын кушканаларда (тийиштүү жабдуулары бар) союлат. Козунун көрпөсү эрежеге ылайык кылдат сыйрылып алынгандан кийин ич жагынан (жүнүн сыртына каратып) бүктөп, бир саатка чейин сергитилип, кургатылат.

Кургаган көрпө дароо (калың челдүү көрпө 8-10 күн, жука челдүүсү 6-8 күн өз-өзүнчө) туздалат. Ар бир көрпөгө 800-1000 грамм (таза, кургак, стандарттуу гана) туз пайдаланылат. Туздалган көрпө бири-бирине беттелип жыйылат. Туздалып бүткөндөн кийин көрпөнү силкип, сүртүп тузунан арылтып, керип, көрпөнүн жүнү кыл щётка менен тазаланат. Көрпө кургап, тазалангандан кийин жүн жагынан беттелип жыйналат да 3 күндөн кийин стандартка жараша сорттолот.

Көрпө-сүт кою

Көрпө-сүт кою - негизинен 1-3 күндүк козуларынын көрпөсү алынуучу кылчык жүндүү кой породасы. Бул породага каракөл, сокол, чушка койлору кирет. Жылына 2 жолу - жазында жана күзүндө кыркылат. Ар биринен жазгы жана күзгү жүнүн кошкондо 2,2-3,8 килограмм жүн алынат. Андан нооту, килем токулат, кийиз жасалат. Кочкорунун тирүүлөй салмагы 65-100, соолугунуку 45-50 килограмм. Көрпө-сүт кою сезондо 50-75 килограмм сүт берет. Каракөл кою Орто Азия менен Кавказда, сокол, малич, чушка койлору РСФСР, Украина жана Молдавияда багылган.

Көрпө таануу

Көрпө таануу - кой чарбасынын каракөл көрпөсүн изилдөөчү бөлүгү. Көрпө таануунун негизги максаты - жаңы туулган козунун көрпөлүк сапатын туура баалоо ыкмаларын иштеп чыгуу. Көрпө жүнүнүн сапаты козунун биологиялык өзгөчөлүгүнө (экстерьери, чоңоюшу, сымбаты жана башка) жараша изилденет. Көрпө таануу боюнча изилдөө ыкмалары - көрпө тармалынын түзүлүшүнө морфологиялык талдоо жүргүзүү жана анын пайда болуу мыйзам ченемдүүлүгүн изилдөө; энесинин ичинде жана жаңы туулган кезинде козу терисиндеги өзгөрүүлөрдү гистологиялык жактан изилдөө, ошондой эле түк фолликулун көрпө толук тармалданганга чейин талдоо.

Ой-пикирлер