Кирүү

Кийизбаев Тообай

Кийизбаев Тообай (1900-жылы туулган, Кемин району, Бейшеке кыштагы)- малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). 1947-жылдан баштап ССКП мүчөсү. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Кемин районундагы "Бейшеке" колхозунун жылкычысы болуп иштеген. Жылкы чарбасын өнүктүрүүдө чоң ийгиликтерге жетишип, 1947-жылы 50 бээден 50 кулун алып, аман асыраган. 1951-1955-жылдары Кыргыз ССР ЖСинин депутаты, Ленин ордени менен сыйланган.

Ой-пикирлер