Кирүү

Кой тоюттандыруу

Кой тоюттандыруу - кой организминин физиологиялык өзгөчөлүгүнө, тирүүлөй салмагына, кунардуулугуна, өндүрүштүк багытына жараша уюшулат. Тоюттандыруу нормасы жүн, эт-жүн, жүн-эт багытындагы жана роман койлору үчүн иштелип чыккан. Койдун негизги тоюту кышкысын - чөп, саман, силос; жайкысын - жайыт чөбү. Соолук (бооз) койдун рационунда чөп - 0,8 килограмм, козулуу койго 1 килограмм, токту-боруктарга 0,5 килограммдан кем болбоо керек. Чоң койдун рационунда силос (протеин жана фосфор балансталган) 50%, жаш койдукунда 40% болот.

Кысыр калды жана козулуу койдун рационуна 10-15%, ириктикине 30-40% саман кошулат. Жем силостуу рациондун сиңимдүүлүгүнө жараша бооз жана козулуу койго 15-30%, саан мезгилинин 2-жарымында 10-20% жана жаш койго 20-25% өлчөмдө кошумча тоют катарында берилет. Кой тоюттандыруу кой багылуучу райондун табигый-экономикалык шартына, чарбанын адистелишине, тоют өстүрүүчү жердин шартына жараша жүргүзүлөт.

Койдун жылдык орточо рационунун 20% ын кесек тоют, 30-35% ын чыктуу тоют, 40-50% ын көк чөп жана 15 пайызга жакынын концентрат тоюту түзөт. Орто Азия, Казакстан, Забайкалье, Каспийдин түндүгүндөгү райондордо тоюттун жылдык керектелишинин 70- 90% ын жайыт чөбү түзөт. Кой колдо багылганда 3 же 4 маал тоюттандырылып, эртең менен, кечкисин кесек тоют, күндүз силос, сенаж жана башка берилет.

Ой-пикирлер