Кирүү

Кой бордоо

Кой бордоо - Жыл бою кой этин көп даярдап, сапатын жакшыртуу, анын өз наркын төмөндөтүү максатында уюштурулуп, негизинен 8-9 айга жете элек козулар жана жараксыз чоң койлор бордолот, себеби чоң койго караганда козулар кошумча салмак кошууда тоютту аз талап кылат. Айрыкча эт, эт-жүн багытындагы козулар жакшы бордолот. Алар энесинен бөлүнгөндөн кийин 2 ай бордолуп, салмагы 45-50 килограммга жетет; сойгондо 44-46% эт берет.

Бордолгон чоң койдун кошумча салмагынын 65-75% ын май түзсө, козунукун булчуң эт менен сөөк түзөт. Кошумча салмак кошуу үчүн кой углеводдуу тоют: жүгөрү, арпа, кар тошка, көк чөп; козу протеини көп тоют: чанакгуу өсүмдүктөр, шалбаа же талаа чөбү, жүгөрү, арпа, күнжара жана башка концентрат тоют, чанактуудан өсүмдүктөрдүн чөп аралашмасынан даярдалган силос, жүгөрү силосу менен тоюттандырылат.

Койду тез бордоо үчүн түзүлгөн рацион болжол менен 50-55% чыктуу тоют, 30-35% концентрат, 15-20% кесек тоюттан турат. Козунун рационуна сөөк уну жана минерал заттар кошулат. Кой бордоо мезгилинде адегенде чөп, чыктуу тоют, кийин жем берилет. Кой күнүнө 3-4 жолу тоюттандырылып, эртели-кеч кесек тоют, күндүз силос берилип, эки маал (эртең менен жана кечинде) сугарылат. Кой атайын адистештирилген чарбада бордолот.

Ой-пикирлер