Кирүү

Инфраструктура

Инфраструктура (лат. infra - төмөн жана structura - куруу, жайгаштыруу) айыл чарбасында - негизги айыл чарба өндүрүщүн тейлөөчү көмөкчү тармактар комплекси. Ага транспорт, энергетика чарбасы, ремонттоо-курулуш тармактары, трактор ремонттоочу ишканалар, автогараж, чарба аралык шоссе жолдор, көпүрө, кампа, каналдар, суусактагычтарды куруу, ошондой эле саясий-маданий мекемелер (мектеп, дүкөн, тиричилик тейлөө комбинаттары, оорукана, байланыш бөлүмдөрү жана башка кирет. Азыркы экономикалык илимде инфраструктура өндүрүштүк жана социалдык деп экиге бөлүнөт.

Биринчисине материалдык өндүрүштү тикеден-тике тейлөөчү өндүрүштүн көмөкчү тармактары, ал эми экинчисине өндүрүш процесси менен кыйыр байланышкан эмгек ресурстары, кадрлар даярдоо, агартуу, саламаттык сактоо жана башка тармактары кирет. Колхоз, совхоздордун негизги өндүрүшүнүн өсүш темпи, анын натыйжалуулугу, чарбалардагы ресурстардын рационалдуу жана толук пайдаланышы негизинен инфраструктура тармактарынын натыйжалуу иш-аркетине жараша болгон.

Ой-пикирлер