Кирүү

Акчасыз эсептешүү

Акчасыз эсептешүү - банкта төлөмдөрдүн эсебинен кредитордун эсебине которуу жолу менен берилчү акчалай төлөм же төлөмдөрдү өз ара чегеришүү. Төлөм жүгүртүүдө накта акча ордуна колдонулат. Акчасыз эсептешүү негизинен өндүрүш каражаттарын, кеңири керектелүүчү товарларды сатуу жана аткарылган жумуш үчүн акы төлөөнү, ошондой эле финансы жана кредит системалары менен болгон төлөм мамилелерин тейлейт. Акча жүгүртүүнү пландуу жөнгө салууда, банк ресурстарын түзүүдө, ишканалардын ишине банк контролдугун ишке ашырууда жана жүгүртүү чыгымдарын азайтууда мааниси чоң. Акчасыз эсептешүү акцепт катары, аккредитив боюнча, атайын эсеп аркылуу төлөм тапшырма, пландуу төлөм жана башка жолдор менен жүргүзүлөт.

Ой-пикирлер