Кирүү

Көчөт көмүү

Көчөт көмүү - казылган көчөттүн тамырын кургап кетүүдөн жана сууктан сактоо жолу. Көчөт көмүү убактылуу (мисалы, питомниктен алып кеткенче же күзгү отургузууга чейин) жана туруктуу (мисалы, жазында отургузуу үчүн) болуп бөлүнөт. Көмүү алдында өсүмдүктүн жараксыз тамырлары менен бутактары кесилет. Көчөт көмүү үчүн жолго жарыш (катар), узундугу 50 метр (жашылча көчөттөрү үчун туурасы 1 метрге чейин, мөмө-дарак көчөттөрү үчүн туурасы 2 метрге чейин) арык казылып, анын түбүнө борпоң топурак (жашылча көчөттөрү үчүн 10- 15 сантиметр, мөмө-дарак көчөттөрү үчүн 20 сантиметр калындыкта) салынат.

Көчөт түрү жана сорттору боюнча бөлөк-бөлөк көмүлөт. Көчөт көмүү бүткөндөн кийин участканын номери, көчөттүн сорту, саны көрсөтүлгөн план түзүлөт. Көчөттөрдү зыянкечтерден коргоо үчүн уулуу татканткыч коюлат, аңдын үстү чырпык менен жабылып, тегереги тор менен курчалат.

Ой-пикирлер