Кирүү

Жаян балык түркүмчөсү

Жаян - каңылтыр сымалдар түркүмүндөгү балыктардын түркүмчөсү. Денеси жылма, түрпүлөрү жок. Узундугу 5 метрге, салмагы 300 килонраммга жетет. Бир нече жуп муруттуу, жаагында тиши бар. Жаяндын көпчүлүгү жырткыч болгондуктан, башка балыктарга (адамга да) кол салат. Бардык жаян урук (икра) таштайт. Жаян негизинен тропик жана мелүүн, тузсуз сууларда жашайт. Жаяндын 10 түрү анын ичинде мурунку ССРБ нин аймагында Европа бөлүгүндө жана Ыраакы Чыгышта 3 түрү кездешет. Чарбалык балык. Эти тамак-ашка, териси түрдүү буюм жасоо үчүн пайдаланылат. Жаян көлмөлөрдөгү балыктарды жеп, балык ,чарбасына зыян келтирет.

Ой-пикирлер