Кирүү

Гедройц Константин Каэтанович

Гедройц Константин Каэтанович (06. 04. 1872, Молдаван ССРи, Бендеры шаары - 05. 10. 1932, Москва) - советтик агрохимик жана топурак таануу боюнча илимпоз. ССРБ илимдер академиясынын академиги (1929). Петербург токой институтун (1898), Петербург университетин (1903) бүткөн. ССРБ илимдер академиясынын Топурак таануу институтунда илимий кызматкер (1918-1928), директор (1928-1930), Петрограддагы (Ленинград) токой институтунун профессору (1918-1930).

Украинада Носов айыл чарба тажрыйба станциясынын агрохимиялык бөлүмүндө бөлүм башчы (1922-1930). Топурак таануучулардын Эл аралык ассоциациясынын президенти (1927). Гедройцтун негизги изилдөөлөрү: топуракта сиңиримдүүлүк же коллоиддик комплекс болгондугун жана алар минералдык, органикалык жогорку дисперсиялуу бөлүкчөлөрдөн турарын ачкан. Топурактын химиялык жана физикалык касиетине алмашма натрийдин тийгизген таасирин алгачкылардан болуп изилдеп, шор жана шортоң топурактын пайда болуусу жөнүндө окууну, мелиорация теориясын түзгөн. Топуракты анализдөөнүн эски ыкмаларын калыптандырып, жаңыларын иштеп чыгып, топурак таануу илимине эксперименттөө ыкмасын киргизген. В. И. Ленин атындагы сыйлыктын лауреаты (1927).

Ой-пикирлер