Кирүү

Айыл чарба деген эмне

Айыл чарбасы СССРдин - материалдык өндүрүштүн негизги тармактарынын бири. Айыл чарба калкты азык-түлүк, өнөр жайды чийки зат менен камсыз кылат. СССРдин айыл чарбасында улуттук кирешенин 1/3 нс жакыны түзүлөт.

Айыл чарба продукциясынан жана аны иштеп чыгуудан мамлекеттик жана кооперациялык соодадагы чекене товар жүгүртүүнүн 75%и (анын ичинде азык-түлүк 50%тен ашыгы) түзүлөт. Айыл чарба өз учурунда көптөгөн өнөр жай тармактарынын продукциясын керектейт. Айыл чарба өз ара тыгыз байланыштуу 2 ири тармакка - дыйканчылык (талаачылык, жашылчачылык, багбанчылык ж. б.) жана мал чарбасына (кой чарбасы, уй чарбасы, жылкы чарбасы, чочко чарбасы, үй куш чарбасы ж. б.) бөлүнөт. Бул 2 тармакты айкалыштыра өнүктүрүү материал жана эмгек ресурстарын рационалдуу пайдаланууну камсыз кылат. Дыйканчылыксыз туруктуу тоют базасын түзүү мүмкүн эмес; мал чарбасы өз кезегинде дыйканчылыкка эң баалуу органикалык жер семирткич - кык берет.

Айыл чарбада негизги өндүрүш каражат - жер. Айыл чарба өндүрүшүн топтоштуруу жана адистештирүү жердин өзгөчөлүгүнө жараша болот; ал өзгөчөлүк топурактын күрдүүлүгүн жогорулатууда илимий жактан негизделген дыйканчылык системасын колдонуу зарылчылыгын туудурат.

СССРдин жалпы жер аянты (аймагы) 2227,5 млн га. Айыл чарба ишкана жана чарбалар пайдаланган жер аянты 1051,9 млн га, айыл чарба жери 557,1 млн га, анын ичинде 226,8 млн га айдоо жер, 34,6 млн га чабынды, 290,4 млн га жайыт (1983). СССРдин жалпы айдоо аянты 210,3 млн га (1985), анын ичинде дан эгиндери 117,9 млн га, техникалык өсүмдүктөр 13.9 млн га, картошка, жашылча-бакча өсүмдүктөрү 8,7 млн га, тоют өсүмдүктөрү 69,8 млн га аянтты ээлейт.

Мал чарба продукциясы арбын алынууда. 1987-ж. 1-янв. чарбанын бардык түрү боюнча 121.9 млн уй (сааны 42,5 млн), 80,0 млн чочко, 1986-ж. 140,5 млн кой, 6,4 млн эчки болгон. Мал чарбасы өзүнүн ургаал өнүгүшү жана кунардуулугунун дайыма жогорулашы менен мүнөздөлөт. Ал тоют базасынын чыңдалышы, малдын породалык составын өркүндөтүү, мал чарба жайларын көп куруу, өндүрүш процесстерин механикалаштыруу, эмгекти туура уюштуруунун негизинде өнүгөт. 11-беш жылдыкта СССРдин айыл чарба дүң продукциясынын жылдык орточо өлчөмү 131 млрд сомду (1985-ж. 135 млрд сом) түзгөн.

Айыл чарбанын өнүгүшү

Революцияга чейинки Россияда айыл чарба артта калган тармак болгон. Дыйкан чарбасынын дээрлик 1/3 нин күч унаасы, айыл чарба шаймандары болгон эйес. Өлкөдө агрардык маселе Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийин гана чечилип, жер мамлекеттештирилди. Бул айыл-кыштактын социалдык жол менен өнүгүшүнүн негизи болду. Совет мамлекетинен дыйкандар 150 млн гадан ашык жер алышты. Дыйканчылыктын кылымдар бою артта калышын жоюп, миллиондогон майда чарбаларды социалдык жол менен өнүктүрүү үчүн айыл чарбанын түп тамырынан кайра куруу зарыл болгон. Бул милдет В. И. Лениндин кооперация планынын негизинде колхоз, совхоздорду уюштуруу жолу менен ишке ашты. Социалисттик менчик айыл-кыштакта экономикалык мамилелердин негизи болду; айыл чарба жаңы, социалисттик өнүгүү жолуна түштү. Мамлекеттик ири (совхоз, асыл тукум мал өстүрүү заводдору, үй куш фабрикалары, окуу-тажрыйба жана эксперимент чарбалары ж. б.) жана кооперациялык (колхоз, колхоз аралык ишкана жана бирикмелер) айыл чарба ишканалары түзүлдү.

Социалисттик ири айыл чарба өндүрүшү үчүн жаңы техника база даярдалды; трактор жана айыл чарба машиналарын чыгаруучу заводдор курулуп, айыл чарба техника менен жабдылды. Айыл чарбасын техника менен жабдууда машина-трактор станция (МТС) тармактарын уюштуруу чоң көмөк берди. Чарбанын социалисттик формасы, айыл чарба техникасын пайдалануу, квалификациялуу кадрлардын көбөйүшү негизги айыл чарба продуктуларын көп алууну камсыз кылды. 1940-ж. 236,9 миң колхоз, 4,2 миң совхоз, 7,1 миң МТС болгон. Айыл чарба дүң продукциясы 1913-жылдагыдан 41% ке көбөйгөн. Улуу Ата Мекендик согуш (1941-45) мезгилинде айыл чарба кыйла зыян тарткан. Партия менен өкмөт айыл чарбанын өнүктүрүүгө дайыма көңүл буруп, согуштан кийинки жылдарда айыл чарба ишканаларынын материалдык-техника базасы кыйла чыңалды. Жаңы жерлерди өздөштүрүүдөн жана башка айдоо аянты кеңейди. 1950-65-ж. сугат жер аянты 8,6 млн гадан 9,9 млн га жерге көбөйдү. Айыл чарба экономикасы чыңалды. КПСС БКнын Март (1965) пленуму айыл чарба өндүрүшүн андан ары өнүктүрүүнүн саясий жана экономикалык иш-чараларын иштеп чыгып, тармактын сапаттык жактан өнүгүшүндө жаңы этапты ачты. Пленум комплекстүү механикалаштыруу, химиялаштыруу, электрлештирүү жана жерди мелиорациялоонун негизинде айыл чарбанын ырааттуу түрдө ургаалдаштырууну, айыл чарба ишканаларынын экономикасын чыңдоо максатында чарбалык эсепти жана кредит мамилелерин жана башка өркүндөтүүнү белгиледи. КПСС БКнын Май (1966), Октябрь (1968), Июль (1970), Октябрь (1984), Апрель (1985) пленумдарынын, КПССтин 23-27-съезддеринин чечимдеринде, айыл чарбанын андан ары да өнүктүрүү, аны башкарууну өркүндөтүү маселелери чечилди.

Айыл чарба өндүрүшүн ургаалдаштыруунун негизинде, анын жогорку темпте өнүгүшүн камсыз кылуу жалпы мамлекеттик ишке айланды. Жерди мелиорациялоого, жол, мал чарба комплекстерин, өндүрүштүк имараттарды жана башка курууга көптөгөн капитал салымдары бөлүндү. Жерди мелиорациялоо программасына ылайык өлкөдө ирригация иштери кеңири жүргүзүлүүдө. Бул максатта 11-беш жылдыкта жумшалган капиталдык салымдар 43,8 млрд сомду түзгөн. Агро өнөр жай комплекс тармактарын өнүктүрүүгө капиталдык салымдар жыл сайын улам көп бөлүнүүдө.

1985-ж. эле айыл чарба өнүктүрүүгө багытталган иштин бардыгына 45,6 млрд сом, 1986-ж. 49,6 млрд сом бөлүнгөн. Эң маанилүү агрардык маселелерди комплекстүү чечүүнүн натыйжасында айыл чарбасында ири алга жылыштар болду.

Ой-пикирлер