Кирүү

Ветеринария-санитария экспертизасы

Ветеринария-санитария экспертизасы - 1) мал чарба азык-түлүгүн (эт, сүт, балык, жумуртка), тоют жана сырьёлорду (тери, жүн жана башкаларды ) санитардык-гигиеналык жактан изилдөө ыкмаларын үйрөнүүчү илим. Мал союу гигиенасы жана мал чарба азыктарын иштетүү, малды сойгонго чейин багуу, сойгондон кийин экспертиза жүргүзүү, азыктарды лабораторияда изилдөө, аларды ветеринардык-санитардык жактан баалоо жана башка маселелерди камтыйт. 2) Азык-түлүктүн тамак-ашка жарамдуулугун аныктоо боюнча жүргүзүлүүчү санитардык-гигиеналык изилдөө ыкмалары менен иш чаралар комплекси. Аны ветеринардык врач же ветеринардык фельдшер жүргүзөт. Ветеринария-санитария экспертизасынын негизги милдети адамга азык-түлүктөн жугуучу оорунун алдын алуу.

Ветеринария-санитария экспертизасы илим катары практикалык ветеринария-свнитария экспертизасынан айырмаланат. Практикалык ветеринария-санитария экспертизасы малдын мал базасына келип түшкөн учурунан баштап, эт комбинатынан даяр продукция чыкканга чейинки мезгилди гана кучагына алат. Экспертизада эт, сүт жана башка продуктулардын сапаты текшерилет, адамдын ден соолугуна зыяндуу, сапатсыз эт, сүт, балык, жумуртка жана башка азыктар аныкталат.

Эт, сут жана тамак-аш контролдоо станциялары эт, сүт жана башка продуктуларга экспертиза жүргүзөт, ошондой эле колхоз базарларында да ветеринардык-санитардык көзөмөл жүргүзүп турат. Ветеринария-санитария экспертизасынын уруксатысыз (кароодон өткөргөндүгү жөнүндөгү белгиси болбосо) мал чарба азык-түлүгүн сатууга тыюу салынат.

Ой-пикирлер