Кирүү

Капуста үкүчөсү

Капуста үкүчөсү - үкүчөлөр тукумундагы көпөлөк. Канатын жайгандагы узундугу 40-50 миллиметр. Алдыңкы канаты бозомук күрөң, арткысы боз, чет жагы тегерете каралжын. Малагынын узундугу 50 миллиметр, өңү бозомук жашыл, күрөң жана башка түстө. Мурунку ССРБ нин аймагында бардык жеринде таралган. Капуста, кызылча, буурчак, тамеки, картошка, жүгөрү, сабизге, ошондой эле алма, алмурут, шабдалы жана башкаларга зыян келтирет. Куурчакчасы топуракта (тереңдиги 5-10 сантиметр) кыштайт.

Көпөлөгү май, июнь айларында, Кыргызстанда (Ысык-Көл өрөөнүндө) майдын башында учуп чыгат. Ургаачы көпөлөгү 600 дөн 2700 гө чейин жумуртка таштайт. Жумурткадан малактар чыгып, адегенде капустанын жалбырагын, кийин башын оюп жейт. Кыргызстандын Ысык-Көл өрөөнүндө 2, Чүй, Талас өрөөндөрүндө 3 жолу тукумдайт. Каршы күрөшүү чаралары: тоңдурманы терең айдоо; өсүмдүк аралыгын культивациялоо; көпөлөк жумуртка таштаганда трихограмма коё берүү; малак чыга баштаганда хлорофос, карбофос, метафос жана башка чачуу.

Ой-пикирлер