Кирүү

Куш чарба институту

Куш чарба институту - мамлекеттик агрөнөр жай комитетинин Бүткүл союздук илимий изилдөө жана технологиялык куш чарба институту. 1931-жылы Москва областынын Загорский шаарында уюшулган. Бөлүмдөрү: куш этин даярдоо технологиясы; жумуртка алуу технологиясы; селекция жана генет.; куш көбөйтүү биологиясы менен технологиясы; куш азыктандыруу; физиология; ветеринария (аталган бөлүмдөрдүн бир нечеден лабораториялары бар) жана башка Институт эт жана жумуртка багытындагы куштардын жогорку продуктулуу линияларын чыгаруу боюнча селекциялык-генетикалык иш жүргүзөт; табигый-экономикалык зоналар боюнча куш эти менен жумуртка алуу технологиянын, тоют берүүдөгү натыйжалуулукту көтөрүү маселесин, куштун азыктуулугун арттыруудагы физиологиялык, биологиялык негиздерди жана сиңимдүү заттарды пайдаланууну жана башка иштеп чыгат. Аспирантурасы бар. Илимий изилдөөлөр жарыяланат.

Ой-пикирлер