Кой асыроо
Кой асыроо - Кой негизинен жайытта же короодо багылат. Айрым аймактарда кой күндүзү жайытка чыгарылып, түнкүсүн короодо кармалат. Ар бир короодо 500-1000 кой болот. Алар жынысы, жашы жана алынуучу продукт боюнча короо-короого бөлүнөт. Жайытка чыгарылып багылуучу кой эртеден кечке, кээде түнкүсүн да жайытта болот. Мындай учурда сууга жакын жерден конуш камдалат.
Жайытка чыгарылып багылган кезде чөптүн сапатына жана анын өсүп жетилишине жараша конуш улам башка жерге которулуп турат. Кой жазында жана күзүндө ширелүү чөп жегендиктен күнүнө 1 жолу, козулуу кой 2 жолу сугарылат. Суу туздуу болбош керек. Жайдын ысык күндөрүндө кой күн чыгары менен жайытка чыгарылып, күн ысый баштаганда (саат 11де) короого киргизилет (же ошол эле жайытта жуушатылат).
Түштөн кийин (күн салкындаганда) кайрадан жайытка чыгарылып, караңгы түшкөнгө чейин жайылат. Бул мезгилде кой 2 жолу сугарылып, ар бири 5-7 литр суу ичет. Айрым чет өлкөлөрдө (Австралия, Аргентина, Жаңы Зеландия жана башка) кой жайкысын айланасы тосулган (кээде электр кубаты бар зым менен) жайытта багылат. Койду мындай жол менен багуу тажрыйбасы Түндүк Кавказ жана Казакстандын колхоздору менен совхоздорунда жүргүзүлгөн.
Кышында же жайкысын жайыт болбосо кой короодо багылат. Мындай учурда жазгы туут койдун ар бирине 1-2,5 метр2, кышкы туутуна 2-2,5 метр2, кочкорго 1,5-2,0 метр2, жашка чейинки козуга 0,7-0,9 метр2 аянт туура келиш керек. Кышкысын койго 4 маал тоют берилет: саат 7-8 де чөп, 9-10 до силос, 10-16 да кой сугарылып эс алдырылат, 16-18 де концентрат, чөп же саман. Ылаңдаган же арыктаган кой өзүнчө бөлүнүп, аларга күчтүү тоют берилет, дарыланат.