Кирүү

Балык көлмөсүнүн азыктуулугу

Балык көлмөсүнүн азыктуулугу - көлмөнүн 1 гектар аянтында бир муундагы балыктын өсүп жетилгенче кошкон салмагы (килограмм, центнер менен). Балык көлмөсүнүн азыктуулугун эсептөөдө чабактардын көлмөгө коё берилгендеги салмагы алынып ташталат.

Балык көлмөсүнүн азыктуулугу табигый жана жалпы болуп айырмаланат. Табигый азыктуулук балыктардын көлмөдөгү табигый тоют менен азыктангандагы, жалпы азыктуулук балыктардын табигый жана кошумча берилген тоют менен азыктангандагы кошкон салмагы. Табигый азыктуулук аймактын топурак жана климат шартына, көлмөнүн гидрохимиялык режимине жана табигый тоют базасына, порода өзгөчөлүгүнө, жашына жана башкаларга жараша болот.

Ой-пикирлер