Кирүү

Гидравликалык асма система

Гидравликалык асма система - трактордун асма, жарым асма жана чиркеме машиналарды башкаруучу агрегаттардын жыйындысы. Ал трактор агрегаттарынын маневрдүүлүгүн арттырып, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат, башкарууну автоматташтырып, машинанын салмагын азайтат, тракторчунун эмгегин жеңилдетет. Гидравликалык асма система туташ блоктуу жана бөлүктүү-агрегаттуу болуп айырмаланат.

Азыр тракторлор негизинен бөлүктүү-агрегаттуу гидравликалык асма система менен жабдылат. Анын бөлүктөрү: насос, бөлүштүргүч, цилиндр, гидро-күчөткүч, төмөнкү жана жогорку басымдагы ийилме жана ийилбес май түтүктөр, трактордун шассисине жана кыймылдаткычтын ар түрдүү тетиктерине бекитилүүчү асма механизмдер. Ал ар түрдүү маркадагы тракторлор менен агрегатташтырылат.

Ой-пикирлер