Кирүү

Банк кредити, санкциясы, ссудасы

Кредит

Банк кредити - мамлекеттик банк ишкана, мекеме, уюм жана жарандарга карыз берген акча каражаты, көрсөтүлгөн мөөнөттө кайтарып берүү шарты коюлуп түзүлгөн экономикалык мамиле. Социализмде банк кредитинин зарылдыгы товар өндүрүшүнүн сакталышы менен байланыштуу. Колхоз, совхоз жана чарба аралык мекемелер өндүрүш үзгүлтүгун болтурбоо үчүн банк кредитинен пайдаланат. Кыска жана узак мөөнөттүү кредитти мамлекеттик, мамлекеттик эмес банктар берет. Банк кредити айыл чарба мекемелеринин каражатты натыйжалуу пайдаланышына көзөмөл жүргүзөт. Чарбалардын экономикасын көтөрүүгө, өндүрүштүн рентабелдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.

Санкция

Банк санкциясы мурунку ССРБ де - колхоз, совхоздор кредит жана башка акчалай каражаттарды алуу, пайдалануу, кайтарып берүү тартибин бузган учурда мамлекеттик банк колдонуучу экономикалык иш-чаралар болгон. Мисалы, совхоз айыл чарба азык-түлүк сатуунун, топтоонун планын аткарбаса, өздүк жүгүртүү каражаттарын сактай албаса мамлекеттик банк кредит берүүсүн токтоткон же кредиттөөнүн өзгөчө тартибин колдонгон. Банк санкциясы социализм шартында коомдук менчикти сактоого жана натыйжалуу пайдаланууга багытталган.

Ссуда

Банк ссудасы - жергиликтүү мамлекеттик банк мекемесинин белгилүү бир өндүрүштүк максатка убактылуу берген акча каражаты. Ал процент менен төлөнөт. Совхоздор алган ссудасын мөөнөтүндө кайтарып бере албаса, төлөө убактысы өткөн ссуда катары банк жогорулатылган ссудалык үстөк алынган. Банк ссудасы бир жылдык мөөнөткө берилсе - кыска мөөнөттүү, бир жылдан ашык убакытка берилсе, узак мөөнөттүү ссуда деп аталат.

Ой-пикирлер