Кирүү

Ким Пен Хва

Ким Пен Хва (1905, Приморье крайы, Кроуновка кыштагы - 1974, Ташкен областы) - айыл чарба өндүрүш новатору, эки жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948, 1951). Өзбек ССРинин эмгек сиңирген пахтакери (1964). 1927-жылдан баштап ССССКП мүчөсү. 1927-1939-жылдары Кызыл армияда кызмат өтөгөн. 1940-жылдан баштап Ташкент областынын Орто-Чырчык районундагы "Полярная Звезда" колхозунун (кийин Ким Пен Хва атындагы) төрагасы Ал жетектеген колхоз республикадагы алдыңкы чарбалардын бирине айланып, көп жылдар бою пахтадан мол түшүм алган. Төрт жолу Ленин ордени, 2 Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендери менен сыйланган.

Ой-пикирлер