Кирүү

Кремний

Кремний, Si - Менделеевдин мезгилдик системасынын IV тобундагы химиялык элемёнт, атомдук номери 14, атомдук салмагы 28, 086. Туруктуу үч изотобу жана жасалма жол менен алынган радиоактивдүү изотоптору бар. Кремний металл сымал жаркырак, каралжын боз катуу, морт кристалл зат. Химиялык таасирлерге туруктуу. Кремний - өтө кеңири таралган элементтердин бири, жер кыртышынын массасынын 29,5% ын түзөт. Таза түрүндө кездешпейт. Негизги минералдары - кремнезём (SiO2) жана силикаттар - тоо тектердин жана топурактын негизги курамдык бөлүгүн түзөт.

Кварц куму толугу менен кремний кош кычкылынан турат; чоподо кремний кычкылынын бирикмелери бар минералдар болот. Кремний өсүмдүк жана жаныбар организминин түзүмүнө кирип, катуу скелет бөлүгүн түзөт. Кремний айрым деңиз организмдеринде көп топтолот. Организмдеги кремнийдин физиологиялык мааниси толук ачыла элек, бирок ал жетишсиз болгондо айрым өсүмдүктөр (жүгөрү, арпа, сулу, буурчак жана башка) начар өсүп, кремний кычкылынын туздары бар жерде өсүмдүк фосфорду жакшы сиңирет. Кремнезём жана көпчүлүк силикаттар өнөр жайдын айнек, цемент, электр-техника жана башка тармактарында колдонулат.

Ой-пикирлер



2020-11-24
айжаркын
сонун