Кирүү

Кой породасы

Кой породасы - Жер шарында койлордун 600, мурунку ССРБ нин аймагында 60 тай, Кыргызстанда 3 (кыргыз уяң жүндүү кою, тянь-шань кою, алай кою) породасы бар. Кой породасы зоологиялык жана чарбалык маанилерине жараша классификацияланат. Зоологиялык классификацияны П. С. Паллас иштеп чыгып, Н. П. Чирвинский жана М. В. Иванов тарабынан толукталган.

Зоологиялык классификация койдун куйругунун узундугуна жана формасынын өзгөчөлүктөрүнө негизделген. Ушул классификациянын негизинде ССРБ деги кой породалары 5 топко бөлүнгөн: ,ичке кыска куйруктуу, ичке узун куйруктуу, майлуу кыска куйруктуу, майлуу узун куйруктуу, куйруктуу койлор. Кой породасынын чарбалык классификациясы М. Ф. Иванов тарабынан иштелип чыккан. Анын негизин койдун кунардуулугу түзөт. Бул классификация боюнча мурунку ССРБ нин аймагында койлор 8 топко - уяң жүндүү; чала уяң жүндүү; чала кылчык жүндүу; көрпө багытындагы; тондук тери багытындагы; эт-май багытындагы; кылчык жүндүү эт-жүн багытындагы; кылчык жүндүү эт-сүт-жүн багытындагы койлорго бөлүнөт.

Ой-пикирлер