Кирүү

Көкөбаев Базаралы

Көкөбаев Базаралы (1935-жылы туулган, Талас областы, Талас району, "Манас" кыштагы) - малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1958). 1958-жылдан ССКП мүчөсү Кыргыз ССРинин Талас районундагы "Манас" колхозунун баш чабаны болуп иштеген. 1956-ж. короосундагы ар бир ириктен 3,7 килограмм, 1957-жылы 4,5 килограмм жүн кыркып алып, 1958-жылы ар ирикти 75 килограмм салмакта мамлекетке өткөргөн. 1959-1963-жылдары Кыргыз ССР ЖСинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.

Ой-пикирлер