Кирүү

Биотехнология деген эмне

Биотехнология - тирүү организм менен биологиялык процесстерди өндүрүштө колдонуучу өнөр жай ыкмаларынын жыйындысы. "Биотехнология" термини ХХ кылымдын 70-жылдарынан кеңири жайылды. Бирок микроорганизмдерди керектөө менен нан бышыруу, вино, сыр даярдоо, пиво кайнатуу сыяктуу биотехнологиянын тармактары байыртан белгилүү.

Азыркы биотехнология биологиялык ыкмалардын негизинде айлана-чөйрөнү булгануудан сактоо (булганыч сууну биологиялык жол менен тазалоо жана башка), өсүмдүктү илдет, зыянкечтен коргоо, эл чарбасы үчүн маанилүү биологиялык активдүү заттарды (антибиотик, фермент, гормон дарылары жана башка) чыгаруу менен мүнөздөлөт. Микробиологиялык синтездин негизинде тоютка кошунду белок, амин кислотаталарын өнөр жайда алуу ыкмалары иштелип чыккан.

Ген жана клетка инженериясынын өнүгүшүнө байланыштуу мурда алынбаган дары-дармек (инсулин, интерферон, кишинин өсүү гормону жана башка ), синтездик вакцина алуу, жаңы пайдалуу микроорганизм түрлөрүн, өсүмдүк сортун, мал породасын жаратуу, мал чарбасындагы асыл тукум ишинде клетка технологиясын колдонуу жана башка мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Азыркы биотехнология биохимия, микробиология, молекулалык биология жана генетика, иммунология, биоорганикалык химиянын жетишкендиктерин пайдаланат.

Ой-пикирлер



2020-05-21
нуржан
Жакшы