Кирүү

Жашылча консервасы

Жашылча консервасы - жашылчалардан даярдалган тамак-аш азыктары. Тазаланган жашылчаларды калай же айнек банкаларга салып, оозун жылчыксыз бекитип, 100-125°С температурага чейин ысытып стерилизациялайт. Мындай консервалар жыл бою же андан да көп убакыт сакталат. ССРБ де жашылча консервасынын 300 дөн ашык түрү чыгарылган.

Алар даярдоо технологиясы менен рецебине жараша бир нече топко бөлүнгөн: накта жашылча консервасы (көк буурчак, түстүү капуста, саадактуу төө буурчак, сабиз, кызылча жана башка ), закускалык жашылча консервасы (баклажан, кабак, патиссон, сабиз, селдерей жана башка ), түшкү тамак жашылча консервасы (борщ, рассольник, солянка жана башка ), жашылча ширелери, балдарга арналган жашылча консервасы жана башка. Жашылча консервасы технологиялык жабдуулары бар колхоз менен совхоздордогу заводдордо да даярдалган . Кыргызстанда жашылча консервасы Токмок консерва өндүрүштүк бирикмесинде жана Кара-Балтадагы консерва заводунда чыгарылат.

Ой-пикирлер