Кирүү

Кесек тоют

Кесек тоют - клетчаткасы көп (25-45%) өсүмдүктөрдөн даярдалган кургак тоют. Кесек тоютка чөп, саман, топон, бүчүр жана башка тоют кирет. Мал кышкы тоют рационунун жарымына жакын тоют бирдигин жана аш болумдуу протеинди кесек тоюттан алат. Жаш малдын тоют сиңирүүчү органдарын өөрчүтүү үчүн аларды жаш кезинен эле кесек тоютка үйрөтөт. Башка кесек тоюттарга караганда чөптүн аш болумдуулугу жогору.

Мисалы, 100 килограмм кара беде, кашка беде, эспарцеттин жана кызыл от чөптөрүндө 50 дөн ашык тоют бирдиги бар. Чанактуу, кылкандуу чөптүн түрлөрү минералдык заттарга, углеводдорго жана протеинге бай. Гумендик тоюттардан кылкандуу эгиндин саманы аш болумдуу келет. 100 килограмм буудай саманында 22, сулунукунда 31, таруунукунда 40 тоют бирдиги бар. Күздүк эгиндерге караганда жаздык эгиндин саманы аш болумдуу келет. Саманды дымдап, минералдык туздарды кошсо мал жакшы жейт. Рациондогу кесек тоюттун өлчөмү малдын түрүнө, жашына жана кунардуулугуна жараша белгиленет.

Ой-пикирлер