Кирүү

Бир жылдык тоют чөп

Бир жылдык тоют чөп - тоют катары пайдаланылуучу бир жылдык чөп өсүмдүк. Мурунку ССРБ де анын 60 тан ашык түрү белгилүү болуп, 35 тей түрү эгилген . Алар негизинен дан өсүмдүктөр тукумундагылар: судан чөбү, бир жылдык райграс, тоюттук таруу, ак жүгөрү, конок жана башка ; чанактуу өсүмдүктөр тукумундагылар: жер буурчак, шалбаа буурчак, кой буурчак жана башка.

Ошондой эле Бир жылдык тоют чөп катары көптөгөн дан жана чанактуу дан өсүмдүктөр, күздүк кара буудай, күздүк буудай, сулу, арпа, жүгөрү, соя, кой буурчак жана башка пайдаланылат. Бир жылдык тоют чөптөрдүн көп түрү көк тоют, чөп, сенаж, чөп уну жана силос (судан чөбү, жер буурчак, ак жүгөрү, вика, чумиза), кээ түрү дан . (күздүк жер буурчак, таруу, шалбаа буурчак ж. б.) үчүн эгилет. Бир жылдык тоют чөптөрүн аралаш себүү кеңири колдонулууда (дан менен чанактуу өсүмдүктөрдү), бул убакта тоюттун белогу көбөйүп, мал жакшы жейт.

Ой-пикирлер