Кирүү

Жибек көпөлөгү

Жибек көпөлөгү - көпөлөктөр тукуму, жибек курту куурчакчага айлануудан мурда жибек жип бөлүп чыгарып, ага өзү оронуп, пиллага айланат. Денеси муунактуу, алдыңкы канаты кайкы; ооз органдары рудименттүү, муруттары тарамданып турат. 300 дөй түрү белгилүү. Жибек көпөлөгүнүн куртунун жип безинен бөлүнүп чыгуучу буласы (жибек жип) - өзүнчө бир татаал аминкислоталар комплекси.

Ал жип туруктуу фиброинден туруп, сырты эрип кетүүчү серицин менен капталган. Жибек курту бул жипке оролуп, пилланы пайда кылат, ошондой эле жибек көпөлөгүнүн ичинен чоңураак жибек пилласын түзүп, ал пилладан жибек жиби алынуучу жибекчиликте пайдаланылат. ССРБ де тыт жибек көпөлөгү, Кытай, Японияда эмен жибек көпөлөгү өстүрүлөт. Анын жапайы түрлөрү бак-дарактарга катуу зыян келтирет. Ошондуктан аларга каршы күрөшүү чаралары жүргүзүлөт.

Ой-пикирлер