Кирүү

Кан жаңыртуу

Кан жаңыртуу - таза кандуу малды асыл тукумдандыруу ыкмасы. Ал инбридингдин же бир чарбада узакка чейин бир жактуу тандоонун зыяндуу таасирин четтетүү үчүн пайдаланылат. Максаты - тукумдук сапаты бири-биринен кескин айырмаланган, бири-бирине тектеш эмес малды куудуруу. Селекциялык милдеттерге жана асыл тукумдандыруу ишинин конкреттүү шарттарына жараша, малдын сапатын терең анализдөөгө негизделип, кан жаңыртууда тубар малды эркеги менен төмөнкүчө куутка кошот: 1) ошол эле багытта, бирок башка чарбанын шартында асыралып, тубары менен 4-5 муундан кем эмес тукумдук байланышы бар; 2) ошол эле чарбада чыгарылган тубар малга тектеш эмес багытта; 3) бир эле зонага жайгашкан башка чарбанын тубар малына тектеш эмес багытта; 4) башка региондон же чет өлкөдөн алынып келинген ошол эле породадагы тубар мал менен. Мындай кууттан кунардуу чымыр төл алынат.

Ой-пикирлер