Кирүү

Бородин Иван Парфеньевич

Бородин Иван Парфеньевич(30.01.1847, Новгородго жакын жерде - 05. 03. 1930, Ленинград) - орус ботаниги, Петербург илимдер академиясынын академиги (1902), вице-президенти (1917). 1869-жылы Петербург университетин бүтүп, Петербургдун жогорку окуу жайларында окутуучу (1880-жылдан баштап профессор , 1894-жылдан баштап эмгек сиңирген профессор) болуп иштеген.

1876-жылы "Жалбырактуу өркүндүн дем алуусун физиологиялык жактан изилдөө" деген эмгеги үчүн ботаник магистри наамы берилген. Өсүмдүк физиологиясы (негизинен дем алуусун), анатомиясы, анын ичинде өсүмдүктө хлорофилдин таралышын жана Сибирь, Балтика бою, Новгород губерниясынын флорасын изилдеген. 120 дан ашык эмгеги жарыяланган. Бородиндин демилгеси менен биологиялык станция (1896), Орус ботаникалык коому (1915, өмүрүнүн акырына чейин анын президенти болгон) уюшулган.

Ой-пикирлер