Кирүү

Айыл чарба ишканасын башкаруу

Айыл чарба ишканасын башкаруу ишкананын натыйжалуу иштешин жана анын негизги максатка - коомдук керектөөлөрдү канааттандыруу, аз чыгым жумшап, көп (максимум) продукция алууга жетишүүсүн камсыз кылуучу иш-аракеттердин жыйындысы. Айыл чарба ишканасын башкаруу иштери ишкана жана анын бөлүмдөрүнүн узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү, учурдагы милдеттерин аныктоочу экономикалык, социалдык өнүгүү планын жана ал планды аткаруу жолдорун иштеп чыгууну камтыйт.

Буга төмөндөгүлөр:

  • илимий жактан негизделген дыйканчылык жана мал чарба системасын иштеп чыгып, иш жүзүндө пайдалануу;
  • эмгекти рационалдуу бөлүштүрүү жана кооперациялоо;
  • ишкана бөлүмдөрүнүн адис жана жетекчилеринин укугу менен жоопкерчилигин так белгилөө;
  • эмгекчилерди материалдык жактан кызыктыруу түрүн жана ыкмаларын колдонуу;
  • башкаруунун экономикалык ыкмаларын ырааттуу пайдалануу;
  • алдыдагы максатты орундоо үчүн шарт (пландын аткарылышын материалдык-техника жактан камсыз кылуу, материалдык жактан кызыктыруу шартын бузбоо ж. б.) түзүү;
  • белгиленген максатка жетүү үчүн иштин жүрүшүн контролдоп туруу;
  • кадрларды туура тандоо жана жайгаштыруулар кирет.

Башкаруу коомдук өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ишти ургаалдуу ыкма (негизинен жер, эмгек ресурстарын, материал каражаттарын рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуучу) боюнча жүргүзүү максатын көздөйт. Ишкананы башкарууну жакшыртуу максатында экономикалык жана уюштуруучулук иш-чаралар кабыл алуу. Азыркы кезде айыл чарба ишканасын башкарууну өркүндөтүү боюнча ыңгайлуу шарт түзүлдү.

Өндүрүштү пландаштырууда ишкананын укугу кеңейди. План тапшырмалардын материалдык-техника ресурстар менен баланстуулугу жогорулады. Колхоз, совхоз жана башка айыл чарба ишканаларынын кайталанма өндүрүштү кеңейтүү мүмкүнчүлүгү артты. Агро өнөр жай комплексинде чарба жүргүзүү механизми өркүндөтүлдү, түпкү продукцияны көп алууга колхоз, совхоздордун жоопкерчилиги артты.

Коллективдүү көтөрүп алып иштөө ыкмасы кеңири жайылды. Айыл чарбанын алдына жаңы орчундуу милдеттер коюлду. Алар ар бир айыл чарба ишканасынын милдетине жараша конкреттештирилет. Эмгекчилердин активдүүлүгү көтөрүлдү, социалдык демократия өнүктүрүлүп, мамлекеттик жана коомдук иштерди башкарууга эл массасы активдүү катышууда.

Ой-пикирлер