Баба дыйкан
Баба дыйкан - дыйканчылык менен алектенген Орто Азия элдериндеги диндик, мифологиялык эски түшүнүк. Дыйканчылыктын колдоочусу (пири) - Баба дыйкан эгинди аралап кетсе түшүм мол болот деген түшүнүк болгон. Кыргыздар Баба дыйканды ак сакал карыя же кыргоол деп элестетишкен.
Эгиндин түшүмү мол болсун деп Баба дыйкандын урматына ар кандай ырым-жырымдарды (түлөө, сыйынуу) өткөрүшкөн. Илим-билим деңгээлинин жогорулашына байланыштуу бул диний, мифологиялык ырым-жырым расмий азыр жок.
- Айыл чарба жумуштарын тарифтөө
- Генотип деген эмне
- Аммоний карбонаты жана бикарбонаты
- Дикроцелиоз ыланы
- Айыл чарба биологиясы
Ой-пикирлер