Кирүү

Кара көсөө илдети

Кара көсөө - мите козу карындар пайда кылуучу өсүмдүк илдети. Бул илдетке өсүмдүктүн жалбырак, сабак, машак жана башка органдары бүт бойдон же бир бөлүгү чалдыгат. Азыр өсүмдүктүн кара көсөө илдети кескин азайган. Бирок ал айыл чарбасына али да көп зыян келтирүүдө. Дүйнөдө кара көсөө илдетин пайда кылуучу көптөгөн мите козу карындар белгилүү. Анын кээ бири өсүмдүктүн белгилүү гана түрүн (сулу, буудай, жүгөрү) жабыркатат. Буудай, кара буудай жана башка өсүмдүктөрдүн кара көсөөсү өзгөчө зыяндуу. Кара көсөө козу карындары келтирген зыяндарына жараша бир нече типке бөлүнөт.

Алардын кээ бири өсүмдүк топуракта өнүп жатканда, айрымдары өсүмдүк баш алганда же бышып калганда, кээси вегетация мезгилинде зыянга учуратат. Каршы күрөшүү чаралары: өсүмдүктүн кара көсөөгө жана башка илдетке чыдамдуу сортторун чыгарып, өндүрүшкө киргизүү; жогорку агротехниканы колдонуу, өз убагында сээп, минералдык жана органикалык жер семирткичтер менен азыктандыруу; которуштуруп эгүү тартибин сактоо; тоңдурманы терең айдоо жана башка.

Ой-пикирлер