Кирүү

Кыштоо

Кыштоо. - 1) Мал кыштатылуучу жай, жайыт. Малды кышкысын жайытта багуу - аз чыгым жумшап, көп продукция алуунун ыңгайлуу шарты. Түштүк Казакстан, Орто Азия, Сибирь, Кавказ жана башка жерлерде мал кышкысын көбүнчө жайытта багылат. Кыргызстандын Суусамыр, Арпа, Аксай, Орто-Сырт, Алай, Ак-Шыйрак, Арчалы, Каракужур, Чаткал, Соңкөл, Солтонсары жана башка К-лорунда негизинен субай жылкы, топоз, ирик кыштатылат. Кыштоонун оту шыбак, бетеге, тулаңдуу келет. Алардын 100 килограммында 30-35 тоют бирдиги болот, бирок витамини менен белок жокко эсе. 2) Малчылардын кышкы жайы. Анда камдалуу тоют, үй-жай, короо-сарай, медпункт, дүкөн жана башка болот.

Ой-пикирлер