Кирүү

Ветеринария кызматы

Ветеринария кызматы - колхоз жана совхоздордо - чарбанын ветеринардык кызматкеринен (ветеринардык врач, фельдшер, санитар) турган уюм. Анын милдети: малды ылаңдан алдын алуу, дарылоо жана башка иш-чараларды жүргүзүү, малды ылаңдан өлүм-житимге учуратпоо.

Ветеринардык кызматкер фермада ветеринардык жана зоотехникалык эрежелердин аткарылышын уюштуруп, тоюттун сапатын текшерип, малды жугуштуу ылаңдардан сактоочу карантин, диагностикалык изилдөөлөрдү, малды эмдөө, биттөө жана дарылоо иштерин жүргүзүп; мал сарайды дезинфекциялоону уюштуруп, куут компаниясына катышат жана башкалар. Фермада ветеринардык иштер үчүн атайын зарыл жайларды (ветеринардык амбулатория, пункт, аптека жана башка ) жабдыйт.

Ой-пикирлер