Кирүү

Айыл чарба көргөзмөсү

Айыл чарба көргөзмөсү - айыл чарба өндүрүшүнүн жана илимдин жетишкендиктеринин көргөзмөсү. Айыл чарба илимий жетишкендиктерин жана алдыңкы тажрыйбаны өндүрүшкө киргизүүнүн негизинде СССРдин айыл чарбанын ылдам өнүктүрүү максатын көздөйт. Айыл чарба көргөзмөсү алдыңкы тажрыйбанын, айрым айыл чарба тармактарында жаңы технологияны уюштуруу жана колдонуунун мектеби болуп эсептелет.

Ар кандай типтеги жана багыттагы айыл чарба көргөзмөсү бар. Аймактык белгилери боюнча алар чарбалык (чарбанын өзүндө), райондук, областтык (крайлык), республикалык, бүткүл союздук, эл аралык; тематикасы боюнча жалпы жана тармактык; айрым өсүмдүк, малдын түрү жана проблемалар (айыл чарбанын механикалаштыруу, мелиорациялоо, электрлештирүү, химиялаштыруу) боюнча, ошондой эле айыл чарба тармактарында айрым ыкмалар боюнча көргөзмөлөргө бөлүнөт. Чарбалык көргөзмө ири колхоз, совхоздордо белгилүү окуяларга (юбилейлик датага, чарбаны сыйлоого ж. б.) байланыштуу уюштурулат.

Райондук көргөзмөдө райондун колхоз, совхоздорунун, айыл чарба өндүрүшүнүн алдыңкыларынын жетишкендиктери менен тааныштырып, алдыңкы чарба жана ишканаларга экскурсия уюштурулат. Областтык (крайлык) көргөзмө обл. айыл чарбанын маанилүү тармактарынын абалы, уюштуруу-чарбалык маселелери менен тааныштырат. Маанилүү маселелер боюнча тематикалык көргөзмө уюштурулат, семинар өткөрүлөт, алдыңкы тажрыйба жөнүндө китеп, плакат, баракча чыгарылат. Айыл чарба боюнча жетишкендиктерди жана алдыңкы тажрыйбаны чагылдырат. Көргөзмөнүн тематикасы республиканын айыл чарбанын келечекте өнүктүрүү планына ылайык болот.

Ой-пикирлер