Кирүү

Жылкыны үйүрдө багуу

Жылкыны үйүрдө багуу - жылкы асыроонун бир түрү; мында жылкы үйүрү жыл бою жайытта багылат. Байыркы көчмөн элдерде (биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта) пайда болгон. Жылкыны үйүрдө багуу ыкмасы табигый жайыты көп аймактарда, айрыкча Түштүк Америка, Азия, Австралияда көп пайдаланылат. Мурунку ССРБ нин аймагында Алтай крайында, Астрахань жана Чита облусунда, Бурятия, Калмыкия, Якутия, Казакстан, Кыргызстанда жана башка жерлерде өнүккөн.

Жылкыны үйүрдө багуунун эки түрү бар: жыл бою жайытта багуу, колдо-жайытта (жайкысын жайытта, кышында короо-сарайларда) багуу. Жыл бою жайытта негизинен тубар жылкы (кымыз үчүн) жана этке төгүлүүчү жылкылар, колдо-жайытта асыл тукумдук, ат спортуна жарактуу жана унаа катары пайдалануучу жылкылар багылат.

Ой-пикирлер