Кирүү

Аммофос минерал жер семирткичи

Аммофос - кош азот-фосфорлуу, өсүмдүккө сиңимдүү, концентрацияланган минерал жер семирткич. Негизинен бир аз диаммонийфосфат ((NH4)2HPO4) кошулган моноаммонийфосфаттан NH4 H2 PO4 турат. Аммофосто 45-52% фосфор ангидриди жана 10-12% азот бар. Түрдүү топуракта (көбүнчө кара жана боз топуракта) негизги жана кошумча жер семирткич катары колдонууга болот. Көбүнчө техникалык өсүмдүктөргө (гозо, кант кызылчасы ж. б.) пайдаланылат.

Ой-пикирлер