Кирүү

Илим менен алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктерин пропагандалоо

Илим менен алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктерин пропагандалоо - айыл чарбасында, айыл чарба пропагандасында айыл чарба өндүрүшүндөгү илим менен алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктери жөнүндө айыл чарба кызматкерлерине берилүүчү (дайыма) маалыматтардын системасы. Айыл чарба пропагандасынын максаты - айыл чарба кызматкерлеринин билимин, өндүрүштүк квалификациясын көтөрүү, илимий изилдөөлөрдүн жаңы жетишкендиктери жана алдыңкы тажрыйбанын жыйынтыгы менен тааныштырып, дыйканчылык менен мал чарбасынын маданиятын көтөрүүнү камсыз кылуу.

Пропаганда объектиси - илим менен алдыңкы тажрыйбанын ийгиликтери өндүрүштү жакшыртуу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, мал чарбасынын продукттуулугун арттыруу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн, айыл чарба продукциясынын сапатын жакшыртуу жана өз наркын төмөндөтүүдө зор мааниге ээ. Революцияга чейин Россияда айыл чарба билимин жайылтууга агроном-илимпоздор: В. В. Докучаев, П. А. Костычев, А. В. Советов, И. А. Стебут, К. А. Тимирязев жана башка чоң салым кошушкан. Улуу Октябрь социалдык революциясынан кийин пропаганда түп тамырынан кайра өзгөрүлдү.

ССРБ де пропаганда каражаттарынын түрү кеңири колдонулат: басма сөз, радио, телекөрсөтүү, көргөзмө, экскурсия, лекция жана башка Айыл чарба адабиятын "Колос" жана 4 атайын республикалык, ошондой эле 107 башка профилдеги басмаканалар чыгарат. Айыл чарбанын пропагандалоодо ар түрдүү курстар, семинар, конференция, кеңешме, съезддер чоң роль ойнойт.

Илим менен алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктерин пропагандалоо эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүн-болушуна байланыштуу; малдын жаңы ылаңга туруштук бериши организмде ушул инфекциянын козгогучу жок болмоюн улана берет.

Ой-пикирлер