Кирүү

Дары-дармек өсүмдүктөрү

Дары-дармек өсүмдүктөрү - адамдын ар кандай оорусун, мал ылаңдарын дарылоодо, аларды алдын алууда пайдаланылуучу өсүмдүк тобу. Дүйнөдө чыгарылган дары-дармектин 30% ы өсүмдүктөн алынат. Жүрөк-кан тамыр, боор, ичеги-карын ооруларын дарылоодо дээрлик өсүмдүктөн жасалган дарылар колдонулат. Дары-дармек өсүмдүктөрүнүн дарылоодогу таасирдүүлүгү анын курамындагы органикалык бирикмелерге (алкалоид, гликозид, эфир майы жана башкалар ) жараша болот.

Мурунку ССРБ деги өсүмдүктөрдүн 2500 дөйү дарылык касиетке ээ. Анын 600 дөй түрү фармацевтика өнөр жайында , аптека тармактарында пайдаланылып, экспортко жөнөтүлөт. Кыргызстанда жалбыз, ромашка, ышкын, бака жалбырак, адырашман, карындыз, ит мурун, даргын, долоно, зире, чычырканак, чекенде, чай чөп жана башка дары-дармек өсүмдүктөрү бар. Көпчүлүгү чөп сымал, айрымдары бадал түрүндөгү өсүмдүктөр.

Бир, эки жана көп жылдык түрлөрү бар. Көпчүлүк дары-дармек өсүмдүктөрү табигый өскөн жеринен жыйналат. Айрым түрү колхоз, совхоздордо өстүрүлөт. Дары-дармек өсүмдүктөрүн өстүрүүнү, аларды изилдөө иштерин Дары-дармек өсүмдүктөр институту (Бүткүл союздук дары-дармек өсүмдүктөр илимий изилдөө институту), ССРБ илимдер академиясы, союздук республикалардын илимдер академиялары, фармацевтик институттар, ботаникалык бактар жүргүзгөн.

Ой-пикирлер