Кирүү

Жалпы чогулуш

Жалпы чогулуш - колхозчулардын - колхоз демократиясы; колхоз ишин башкаруучу жогорку орган. Жалпы чогулуш жылына 1 жолу өткөрүлөт. Анда колхоз башкармасы, анын төрагасы, текшерүү комиссиясы, элдик контролдоо тобу шайланат.

Колхозго жаңы мүчө кабыл алат жана колхоз мүчөлүгүнөн чыгаруу маселелерин чечет, колхоздун уставын кабыл алып, ага өзгөртүү жана толуктоолорду киргизет; уюштуруу-чарбалык, перспективалык жана жылдык өндүрүш-финансы планын, колхоздун башкармасынын жылдык отчётун, текшерүү комиссиясынын отчётун угуп, колхозчуларга эмгек акы төлөө тартибин аныктайт; социалдык маселелер жана эмгекти коргоо боюнча профсоюз комитети менен колхоз башкармасынын өз ара келишимин (макулдашуусун), накталай жана акча фондуларынын өлчөмүн бекитет жана башка колхоздун чарба аралык ишкана, уюмдарга катышуусу жөнүндөгү жана анын бирикмеге кирүү жөнүндөгү маселелерди чечет.

Колхозго тиешелүү маселелерди чечүү үчүн чогулушка колхозчулардын 2/з бөлүгү катышканда гана анын чечими толук күчүндө деп эсептелет. Жалпы чогулуш чечими ачык добуш менен кабыл алынат. Жалпы чогулуштардын аралыгында колхоз ишин анын башкармасы башкарат.

Ой-пикирлер